Билим берүү жана илим министрлиги Бишкектеги алты мектептин директорлорлугуна сынак жарыялады. 

Маалыматка караганда, учурда алты мектебинде: № 13 жалпы орто билим берүү мектеби, № 17 жалпы орто билим берүү мектеби, № 41 жалпы орто билим берүүчү гимназия-мектеби, № 56 жалпы орто билим берүү мектеби, № 64 мектеп-гимназиясы, № 68 жалпы орто билим берүү мектеби - директорлук кызмат бош турат. 

Талапкерлердин документтери 15-июлга чейин кабыл алынат. Анда талапкер бир гана мектепке башчы болууга документ жөнөтө алат. 

Ошондой эле бир мектепти 10 жылдан ашык башкарган адам кайра эле ошол мектепке жетекчи боло албайт.

Белгилей кетсек, министрлик бардык аймак боюнча мектеп директорлорунун бош кызмат орундарынын тизмесин жарыялаган.