Ноокат районундагы Абшыр-Ата шаркыратмасында эс алып жүргөн 500гө жакын адам катуу жүргөн селден улам айылга түшө албай калышкан.
ӨКМ билдиргендей, учурда куткаруучулар аларды эвакуациялоо, издөө жана куткаруу иштерин улантышууда.
Мындан сырткары, Кезарт жайлоосунда 150гө жакын жаран калып калгандыгы тууралуу болжолдуу маалымат түшкөн. Жерине айыл аймактан 10 киши атчан жөнөтүлүп, жолдон 30 адамды табышкан. Андан ары тактоо иштери улантылууда.
Кезарт жайлоосуна КР ӨКМден кошумча 8 куткаруучу жөнөп кетти. Кошумча маалымат берилет.