ӨКМ Нооткат районундагы  Апшыр-Ата шаркыратмасында эс алууга чыгып, бери өтө албай калган жарандар аман-эсен экендигин билдирүүдө.

Учурда эвакуциялоо, издеп-куткаруу иштери башталды. 

"Куткаруу иштери эртең мененки 6.30дан башталды. Бул иш чараларына 42 куткаруучу тартылды. Шаркыратмага эс алууга чыгып калып кеткен жарандарды алып келүүгө чыгып кетишти. Андан тышкары 50 милиция кызматкери да тартылды. Андан тышкары 24 куткаруучу дайынсыз болуп жаткан эки адамды издөөгө кетишти", - деп билдирет ӨКМ.