Ушул жылдын июлдан айынан тартып пенсияга мөөнөтүнөн мурда чыгуу нормасы жоюуларын Социалдык фонддун коомчулук менен иштөө башкармалыгынын жетекчиси Жеңишбек Мукамбетов билдирди.
Ал белгилегендей, 1-июлдан тарта пенсияга мөөнөтүнөн мурда чыгуу нормасы жоюлат, бирок беш жыл иштегендерге пенсиянын базалык бөлүгү толук төлөнө баштайт.
Кыргызстанда эркектер пенсияга 63 жаштан, аялдар 58 жаштан чыгат. Ошол эле учурда эгер киши пенсия курагына жете электе эле талап кылынганга кошумча 15 жыл эмгек стажысы болсо, ага мөөнөтүнөн мурда, үч жыл эрте пенсия чегерилчү.