Бүгүн саат 15:18де Кыргыз Республикасынын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда 3,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.

Жер титирөө Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Нурманбет, Интернационал айылдарында 3,5 балл, Кант жана Бишкек шаарларында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөнүн очогу (Нурманбет айылынан 3 чакырым батышта, Интернационал айылынан 5 чакырым түндүк чыгышта, Кант шаарынан 13 чакырым түштүк чыгышта, Бишкек шаарынан 32 чакырым түштүк чыгышта жайгашкан).

Учурда тактоо иштери жүргүзүлүүдө. Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.