24-июндагы Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген «2024-жылдын 12-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган 1996-жылдын 6-сентябрындагы КР Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мамлекеттик чек арада өткөрүү пункттарын ачуу жана алардын режими жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кошумча макулдашууну түзгөн КР Тышкы иштер министрлиги менен Кытай Эл  Республикасынын КР элчилигинин ортосундагы алмашуу ноталарын ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору каралды.

Мыйзам долбоорун Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев тааныштырды. Анын айтымында, кыргыз-кытай чек арасында «Бедел» өткөрүү пунктун ачуу өлкөнүн экспорттук потенциалын жогорулатууга, эки өлкөнүн ортосундагы товар айлантууну көбөйтүүгө жана соода-сатык мамилелерди өнүктүрүүгө өң таасирин тийгизет.

Комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорун үч окууда жактырышты.