УКМК тарабынан Жалал-Абад облусунун аймагында «Хизбут-Тахрир» ДЭУнун идеологиясынан баш тартуу менен диний-экстремисттик уюмдарга каршы алдын алуу иш-чаралар жүргүзүлдү.
Жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаралардын жыйынтыгында Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Бек-Абад айылынын 11 жараны: Н.С., А.Ф., М.у.М., Ю.С., А.М., М.Д., К.Р., А.Ш., О.М., М.З. жана М.М. коомчулук алдында экстремисттик уюмдун идеологиясынан баш тартты. Аталган жарандар буга чейин “Хизбут-Тахрир” ДЭУнун экстремисттик ишмердүүлүгүнө катышып, идеологиясын карманышкан.
Жогоруда аталган жарандар өздөрү тандап алган диний агымдын жаңылыштыктарын моюнга алып, жарандарды «Хизбут-Тахрир» ДЭУнун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алданбоого чакырышты.
Учурда УКМК тарабынан «Хизбут-Тахрир» ДЭУнун кылмыштуу аракеттерин аныктоо жана бөгөт коюу, ошондой эле дагы башка тыюу салынган диний-экстремисттик уюмдардын катарына жаңы тарапкерлердин тартылышын алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чаралар улантылууда.
"Хизбут-Тахрир" ДЭУсу - Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2003-жылдын 20-августундагы чечими менен экстремисттик уюм деп таанылып, анын Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. Мындан улам, аталган уюмга кирүү кылмыш жоопкерчилигине алып келет", - деп эскертет УКМК.