Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 24-26-июнда Бельгия Королдугуна иш сапары менен барат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

"Мамлекет башчысы 25-июнда Бельгиянын Королу Филипп менен жолугушат. Ушул эле күнү Президент Садыр Жапаровдун Европа Кеңешинин Президенти Шарль Мишель менен расмий жолугушуусу өтөт.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстандын Европа биримдиги жана Бельгия менен соода-экономикалык кызматташуусунун учурдагы абалы жана келечеги талкууланат. 

Сапардын жыйынтыгы боюнча эки жактуу биргелешкен документтерге кол коюу күтүлүүдө", - деп билдирди Муратбек Азымбакиев.