УКМК тарабынан  алынган ыкчам маалыматтар боюнча 2024-жылдын 19-июнунда "Мариям" аталышындагы диний лагерь, учеттук каттоосу жок ишмердигин жүргүзүп жаткандыгы аныкталды. Аталган лагерде 9 жаштан 18 жашка чейинки кыздар үчүн "Тажвид", намаз окуу, дуа окуу, ошондой эле балдарды диний жактан тарбиялоо сабактары жүргүзүлгөн. Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө аталган лагерь 1970 – жылы туулган, Баткен облусунун Ж.М.К. аттуу жаранына таандык экендиги такталды. 

Комиссиялык текшерүүнүн жүрүшүндө өрт коопсуздугунун, санитардык-эпидемиологиялык нормалардын, билим берүү программаларынын жол-жобосу сакталбагандыгы, ошондой эле, диний лагердин окутуучулары менен тарбиячыларынын педагогикалык жана диний билими жок экендиги аныкталды. Мындан улам, аталган кемчилдиктер жоюлганга чейин лагердин иши токтотулду.

Учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда.

УКМК Кыргыз Республикасынын бардык жарандарына эскертет: балдарды ар кандай диний мекемелерге, анын ичинде  диний лагерлерге жөнөтүүдөн мурда, аталган диний мекеме Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштеп жаткандыгын текшериңиз. Балдарыңыздын коопсуздугун сактаңыз!