Бишкек мэриясы калк жашаган конуштарга муздак суу үчүн "акылдуу эсептегичтерди" киргизүүнү пландап жатканын бүгүн, 21-июнда мэр Айбек Жунушалиев фракция жыйынында билдирди.
Айтымында, бул бардык калктуу конуштарга сууну бирдей берүүнү көзөмөлдөө үчүн жасалат.
"Жай мезгилинде "Орто-Алыш" суу алгычында суу таңкыстыгы пайда болбошу үчүн бир катар изилдөөлөр жүргүзүлдү, 30 жылдан бери тазаланбаган жасалма көлдөрдүн түбү тазаланды. Кудуктардын фильтрин тазалоо иштери жүргүзүлдү.
"Орто-Алыш" суу алгычында 9 суу сактагычы бар, кышында дагы бир суу сактагыч курулду. Биз Чүй суу чарбачылыгы башкармалыгы менен сүйлөшүп, 22 миллион куб суу берип туруу боюнча келишим түздүк. Суунун статистикалык деңгээли 2023-жылы 64 метр болсо, 2024-жылы 40 метрге түштү, 24 метрге ылдыйлады", - деди мэр.