УКМК билдиргендей, ыкчам маалыматтарга ылайык, Ош шаарынын тургуну С.Н.Н. КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек жана медициналык техникалар менен камсыздандыруу департаментинин кызмат адамдары менен ич ара сүйлөшүп алып, Ош облусу жана Ош шаарынын аймагында контрабандалык жол менен алынып келинген дары-дармектерди сатуу каналын уюштурган.
Тактап айтканда, С.Н.Нематов жүк ташуучу компаниялардын кызматы аркылуу бир тууган агасы А.С.Н.нын атына катталган "Фарм Юг" ЖЧКсына дары-дармек препараттарына заказ берген.
Буга байланыштуу КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгы, КР Саламаттык сактоо министрлигинин Дары-дармек жана медициналык техникалар менен камсыздандыруу департаментинин борбордук аппараты тарабынан "Фарм ЮГ" ЖЧКсынын ишмердигин текшерүү, ошондой эле салыктык текшерүү дайындалды.
Азыркы учурда тергөө тапшырмасынын негизинде КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек департаментинин кызматкерлери менен биргеликте "Фарм Юг" ЖЧКсынын тиешелүү дары-дармек каражаттарынын кампа имаратында жана 8 дарыкана пункттарында текшерүү иштери жүргүзүлдү. Жыйынтыгында Кыргыз Республикасына контрабандалык жол менен алынып келинген 150 аталыштагы медициналык препараттардын үлгүсү аныкталды.