Жогорку Кеңештин депутаты Медербек Алиев тарабынан  Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына киргизилип жаткан өзгөртүүлөр боюнча талкуу өттү.

Талкууга тийиштүү министрликтердин жана мекемелердин өкүлдөрү катышып, Кылмыш-жаза кодексине, Укук бузуулар жөнүндө кодексине, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндөгү, Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндөгү мыйзамдарга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр боюнча ой бөлүштү.

Жыйында депутат Медербек Алиев сунушталган мыйзам долбоорунун максаты тууралуу кеңири маалымат берип: “Фармацевтикалык ишмердүүлүк саламаттыкты сактоонун маанилүү компоненти болуп саналат жана жарандардын ден соолугун чыңдоодо негизги ролду ойнойт. Бирок, өтө күчтүү дарылар жөнүндө сөз болгондо, атайын көзөмөл жана коопсуздук чаралары талап кылынат. Андыктан, жарандардын, айрыкча жаштардын ден соолугуна жана өнүгүүсүнө олуттуу таасир этүүчү дары-дармектерге рецепттердин берилишине карата көзөмөлдү күчөтүүбүз кажет”,– деди.

Ошондой эле дары-дармек каражаттарын алууга укук берүүчү рецепттерди же башка документтерди мыйзамсыз берүү же бурмалоо коомго жана адамдардын ден соолугуна олуттуу зыян келтирүүчү оор кылмыш болуп саналарын кошумчалады.

Алсак, депутат демилгелеген мыйзам долбоорунун негиздемесинде белгиленгендей, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Республикалык психиатрия жана наркология борборунун адистери акыркы жылдары “аптекалык баңгилик” деп аталган оору менен ооругандардын саны көбөйгөнүн тастыкташкан.