УКМК КР ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту (Бейбаштык) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында,  жоюлган “Мыйзамдагы ууру” К.Асанбек менен тыгыз байланышта болгон А.У.Т. аттуу Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаты аныкталды. 

2022-жылы аталган A.У.T. жергиликтүү тургундар менен беттешип, белгисиз үлгүдөгү ок атуучу куралдан Ы.Б.га бир нече жолу ок чыгарган, натыйжада ал сол далысынан жана сол билегинен жаракат алган. Ы.Б.га жана анын жакын туугандарына карата К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү тарабынан күч колдонуу менен коркутуудан улам, жабырлануучу медициналык жардам алуу үчүн укук коргоо органдарына жана аймактык ооруканага кайрылбоого аргасыз болгон.

Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

КР УКМК мыйзамсыз аракеттерге жана уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар тараптарга катаал чаралар көрүлөрүн эскертет.