Учурда Ахунбаев жана Байтик баатыр көчөлөрүндө капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Бүгүн, 20-июндан тарта Байтик баатыр көчөсүнүн Горький көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү коомдук транспорт үчүн жабылды.

Буга байланыштуу эртең, 21-июндан тарта №17 троллейбустук каттам убактылуу жабылат.

Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын тургундарын жана конокторун каттамдарын пландаштырууда бул өзгөртүүлөрдү эске алууну суранат.