Бүгүн, 14-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандарга чечим чыгарды.
Соттун чечимине ылайык, айыпталгандардын баары акталып, сот залынан бошотулду.
Акталган Равшан Жээнбеков мындай чечим болоорун күткөн эместигин журналисттерге билдирди.
"Мен мындай чечим болот деп күткөн эмесмин. Керек болсо түрмөдөн чыгып жатканда кайра түрмөгө келем деп даярданып келгем. Сот адилеттүү чечим чыгарды, бирок кандай негиз менен чыгарды билбейбиз. Биз үчүн күтүүсүз чечим болду", - деди ал.