Бүгүн, 14-июнда Бишкектеги Биринчи май райондук сотун Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткандар боюнча чечим чыгарды.
Ага ылайык, айыпталгандардын баары акталды.
Эске салсак, айыпталгандар: Асия Сасыкбаева, Перизат Суранова, Клара Сооронкулова, Гүлнара Журабаева, Рита Карасартова, Мамбетжунус Абылов, Таалайбек Мадаминов, Улукбек Маматаев, Чынгыз Капаров, Атай Бейшенбек уулу, Азимбек Бекназанов, Равшан Жээнбеков, Али Шабдан, Жеңишбек Молдакматов, Айбек Бузурманкулов, Айданбек Акматов, Марат Баязов, Тимур Махмудов, Бекчоро уулу Эрлан, Акыл Айтбаев, Ильгиз Шаменов, Нурлан Асанбеков.
Акталгандар сот залынан бошотулду.