Патрулдук милициянын унааларына GPS жана видеорегистраторлор орнотулду. Эми Бишкек шаарындагы патрулдук милициялардын жүздөн ашуун унаалары жумуш учурунда жумуш учурундагы ар бир көрүнүштү чектөөсүз тартып турат. 

Мындан улам кызматкерлердин ар бир кадамы жетекчиликтин көз алдында болот. Алар эмне менен алек болуп жатышат, унаанын ичинде кандай кыймыл болуп жатат жана кандай маселелер чечилүүдө - баары көрүнөт. 

Бул патрулдук милиция кызматкерлеринин ишинин натыйжалуу болуусу үчүн маанилүү.