Өзүнүн кыздарына сексуалдык ыдык көрсөтүүгө шектелип жаткан Токмок шаарынын тургуну кармалганын Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди. 

Маалыматка караганда, Токмок ИИБине 37 жаштагы С.Г.аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал 40 жаштагы күйөөсүнө чара көрүүнү өтүнгөн. Арызда жазылгандай, киши үй-бүлөсүнө дайыма ызы-чуу салып, физикалык жактан зыян келтирип, балдарын ал кылыктары менен коркуткан. 

С.С.га карата тергөөгө чейинки текшерүү иштеринин жыйынтыгында, Кылмыш-жаза кодексине ылайык протокол түзүлүп, материал маңызы боюнча кароо үчүн Токмок шаардык сотуна жөнөтүлдү. 

Текшерүү маалында С.Г. күйөөсү 2009-жылы төрөлгөн кызы С.А.га карата адепсиз жоруктарды жасаганын айткан. Факт Токмок ИИБинде каттоого алынды жана сотко чейинки өндүрүш башталды. 

13-июнда чогултулган материалдардын негизинде "Сексуалдык мүнөздөгү адепсиз аракеттер" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. 

Жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө амалдары уланууда.