Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Бишкектин автотыгын көйгөйүн чечүү үчүн метро куруу муктаждыгы жаралганын айтышты.

Депутаттар Арсланбек Малиев менен Элдар Абакиров шаарга метро куруу муктаждыгы жаралганын айтышты. Малиев метро курууга сырттан (Кытай, Россия жана башка өлкөлөрдөн) инвестор караштырууну сунуштаса, Абакиров шаардагы дарыялардын астына метро, үстүнө үй курууну долбоорлогон видеону көрсөтүп, бийликке карап көрүүнү сунуштады.

"Бүгүн куруп баштаганда деле 5-10 жыл кетет. Канчалык эрте баштасак, ошончо эрте бүтөбүз”, - деди Абакиров.

Муну утурлай депутат Балбак Түлөбаев учурунда монорельс демилгелегенде шылдыңга кабылганын айтып, бирок бул турмуш талабы экенин билдирди. Ал метродон монорельс арзан түшөрүн белгиледи.

"Азыркы алып келип жаткан автобустар тыгын маселесин чечпейт. Тескерисинче, жаратат. Бир автобустун узундугу 12 метр. Жол чыракка үчөө токтосо 36 метр болот. Анын артына тыгын топтолот. Болбосо аялдамаларды да жылдырыш керек. Миң автобусту болжол менен 80 миллион долларга алып келүүдөсүңөр. Дагы миңи пландалууда. 150 миллион долларга эки суунун агымына монорельс куруп коелу. Алдын ала долбоору даяр, аны ишке ашыруу керек", — деди Түлөбаев.

Ошондой эле ал монорельс бир саатта 150 миң кишини ташый аларын кошумчалады.

Мэрия калаадагы тыгын маселесин жоюунун жолдорун издеп келет. Буга чейин Чыңгыз Айтматов проспекти менен Жибек Жолунан Түштүк магистралга чейин асма жол курулары айтылган. Ага чейин монорельс салуу сунушталган.