Штефан Таркович Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу кызматынан кетти. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, КФС Таркович менен 2024-жылдын 30-июнуна чейин кызматташуу келишимин түзгөн. Келишимдин мөөнөтү аяктагандан кийин кызматташууну токтотуу чечимин аталган биримдик кабыл алган.
КФС президенти Камчыбек Ташиев бүгүн, 13-июнда Таркович баштаган тренердик штабдын бардык мүчөлөрү менен жолугушту. Анда президент кабыл алынган чечимди жарыялады жана өзүнүн жана өлкөнүн жалпы футбол күйөрмандарынын атынан үмүттү жана ишенимди актаган, жакшы жыйынтыктарга алып келген профессионалдуу жасалган иш үчүн ыраазычылыгын билдирди.