"Казатомпром" ишканасы Казакстандын Энергетика министрлиги менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Инкай кенинин №3 тилкесинде уран казып алуу боюнча "стратегиялык маанидеги" жаңы келишимге кол коюлганын билдирди.

Инкай кени Түркстан облусунун Сузак районунда жайгашкан. Ал жерде 83,1 миң тонна урандын запасы бар. "Кийинки төрт жылда пилоттук өндүрүштө 701 тонна уран өндүрүү пландалууда", — деп айтылат компаниянын билдирүүсүндө.

Компания бул келишим келечекте анын энчисиндеги "Казатомпром-SaUran" компаниясынын карамагына өтөт деген ниетте.

Компаниянын расмий сайтындагы маалыматка ылайык, "Казатомпром" өзүнө энчилеш ишканалары менен бирге 14 уран казуучу ишканага бириктирилген 26 кенди иштетүүдө. Бул уран казуучу ишканалардын баары Казакстандын аймагында жайгашкан.

Быйыл январь айында урандын баасы акыркы 15 жылдын эң жогорку чегине жеткен. Дүйнөдөгү эң ири уран өндүрүүчүлөрдүн бири болгон "Казатомпромдун" келерки эки жылда өндүрүш планын аткарбай калышы мүмкүн экенин жарыялаган. Компания муну күкүрт кислотасынын жетишсиздиги жана шахталардагы курулуш иштеринин кечиктирилиши менен түшүндүргөн.