Ош облусунун ички иштер башкармалыгы 2024-жылдын 3-июнунан тартып “Нелегал-Трафик” аталышындагы ыкчам алдын алуу иш-чарасынын өткөрдү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Анда кызматкерлер облус аймагында окуп, иштеп жаткан чет элдик жарандар менен жолугушуларды уюштурду.
Кызматкерлер чет элдиктерге жергиликтүү тургундар менен Кыргыз Республиккасынын аймагында болуу тартибин так сактоо, ар кандай чагымчыл аракеттерге азгырылбоо жана мыйзамдын талаптары баарына бирдей экенин, кандайдыр бир көйгөй жаралса, ички иштер органдарына кайрылуу зарылдыгын эскертишти.
Ош облусунун аймагында көбүнчө Өзбек Республикасынын, Кытай Эл Республикасынын, Россия Федерациясынын, Пакистан, Индия жана Бангладеш өлкөлөрүнүн жарандары иштеп, окушат жана ишмердүүлүктөрүн жүргүзүшөт.
Жүргүзүлгөн ыкчам алдын алуу иш-чараларынын натыйжасында мыйзамсыз миграцияны уюштуруу-9, диний экстремисттик чакырыктарды жасоо-6, башка багыттар боюнча-3.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 93-94-142-430-431-беренелеринин талаптарын бузган чет элдиктерге карата үчүн 160 админитративдик протоколдор толтурулуп, 1 116 000 (бир миллион бир жүз он алты миң) сом айып салынды.