Жогорку Кеңештин жыйынында МинКаб төрагасы Акылбек Жапаров бардык шаарлардын жакынкы үч жылдагы башкы планы бекитилерин жана ага республикалык бюджеттен каражат которуларын айтты. 

Ошондой эле бул процессти эртелетүүгө үмүттөнүп жатканын белгиледи. 

Белгилей кетсек, парламентте өлкөдөгү административдик-аймактык реформа боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда каралууда. 

Депутат Дастан Бекешев бул реформаны колдоого алаарын, эбактан бышып жетилгенин айтты. 

"Бул реформа боюнча Жогорку Кеңештин бешинчи жана алтынчы чакырылышында айтылган. Аны ишке ашырууга президенттин саясий эрки жетти. Биз мыйзам менен картографиялык схеманы бекитебиз. Бирок көптөгөн калктуу конуштардын башкы планы жок. Аны кандай кылабыз? Бишкек аябай чоңойду. Башкы план аны эске алуу менен кантип даярдалат? Башка шаарларда кандай болот?" - деген суроолорду Бекешев узатты. 

Акылбек Жапаров анын баары үч жыл аралыгында аныкталаарын белгиледи.