Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында реформаларды жүргүзүү, айрыкча административдик-аймактык реформаны ишке ашыруу кыйын болгонун билдирди. 

"Реформа даяр болгонуна көп жыл болгон, бирок көп жылдар ишке ашпай келген. Административдик-аймактык реформа биз үчүн жеңил болгон жок. Идеалдуу реформа жүргүзүү татаал болот. Бир катар көйгөйлөр бар, биз биргеликте алардын баарын чечебиз деп ойлойм.

Бул реформанын максаты - айылдарды бириктирүү, шаарларды кеңейтүү. Бул кадрдык жана каржылык ресурстарды туура, натыйжалуу башкарууга жана жакырчылыкты жоюуга алып келет", - деди Жапаров. 

Айтымында, 435 айыл аймактарынын жана муниципалитеттеринен учурда 235 калды, ал эми 8696 муниципалдык жумушчулардан 4768 калды.