Жакында Нарын облусунун Жумгал районундагы Миң-Куш айылындагы дарыяга жүк ташуучу унаа кулаган. Унаада урандын калдыктары болгон. Бул маселе бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында көтөрүлдү.
Депутат Исхак Масалиев Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдон сууга уран калдыктары түшкөн-түшпөгөнүн сурады. Ошондой эле уран калдыктары кайдан пайда болгонуна кызыкты.
Акылбек Жапаровдун айтымында, бул герметикалык ташуу болгон.
"Бул боюнча туура эмес маалыматты таратып жатышат. Ал окуянын күнөөкөрү - айдоочу. Баарыңыздар билесиздер, өйдө көздөй айдап баратканда ылдамдыкты катуулатпаш керек. Унаада уран эмес, иштетилгенден калган калдыктарды коопсуз жерге жеткиребиз. Коркунуч жок", - деди Жапаров.
Попали ли урановые отходы в реку в Нарынской области, близ которого недавно опрокинулся грузовик с урановыми отходами, спросил депутат Исхак Масалиев («Бүтүн Кыргызстан») у главы Кабмина Акылбека Жапарова на заседании Жогорку Кенеша.
Ал эми Масалиевдин "эгерде коркунучу жок калдыктар болсо эмнеге аларды коопсуз жерге жеткирүү керек?" деген суроосуна МинКаб башчысы: "Алар совет убагынан калган калдыктар. Алар айылдын алдында жайгашкан. Ошондуктан айылдан алыс чыгарып кетүү керек болду. Жергиликтүү калкка жана ал сууну ылдый жактан сугат суу иретинде колдонгондорго эч кандай коркунуч жаратпайт", - деди.