2019-жылдан бери АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) тарабынан ишке ашырылып жаткан АКШ өкмөтүнүн «Жигердүү жарандар» долбоору Кыргыз Республикасынын 19 муниципалитетинде тургундардын жашоосун жакшыртууга жетишти.

Жигердүү жарандык позицияны өнүктүрүүгө багытталган долбоордун алкагында 62 миңден ашык тургун үчүн жаңы сейил бактар жана коопсуз тротуарлар курулуп, көчөлөр жарыктандырылып, балдар үчүн инклюзивдик оюн аянтчалары орнотулду. Ошондой эле долбоордун алкагында 38 миң адамга акысыз юридикалык жардам берилип, гендердик зомбулукка кабылган дээрлик 11 миң адамга колдоо көрсөтүлдү жана 200 миңден ашуун адам жайгашкан аймактарда катуу тиричилик калдыктарын башкаруу системалары жакшыртылды.

Долбоордун беш жылдык ишинин жыйынтыгын чыгарган «Жигердүү жарандар – өнүгүүнүн өзөгү!» конференциясына Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева, юстиция министри Аяз Баетов, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Чынгызбек Мамат уулу, USAIDдин Кыргыз Республикасындагы миссиясынын директорунун милдетин аткаруучу Джеймс Лайкос, мамлекеттик кызматкерлер, жарандык коом уюмдарынын, кризистик борборлордун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү катышты.

«Америка Кошмо Штаттары USAIDдин “Жигердүү жарандар” долбоору аркылуу Кыргызстандын өкмөтүнө жана жергиликтүү жамааттарга көрсөткөн колдоосу менен сыймыктанат. Бул жарандарга өз коомчулуктарын жакшыртып, коопсуз кылууга, укуктарын дурус түшүнүүгө жана бекемдөөгө өбөлгөлөй турган жапа тырмак аракет болду», – деп белгиледи USAIDдин Кыргыз Республикасындагы миссиясынын директорунун милдетин аткаруучу Джеймс Лайкос.

«USAIDдин “Жигердүү жарандар” долбооруна Кыргыз Республикасынын жарандарына юридикалык жардам жана нотариалдык кызмат көрсөтүү жаатындагы демилгелерди колдоого алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирем. Юстиция министрлиги бул багыттар боюнча натыйжалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү уланта бермекчи», – деди юстиция министри Аяз Баетов.