УКМК тарабынан экологиялык жана санитардык-эпидемиологиялык мыйзамдардын белгиленген эрежелерин бузуу менен дезинфекциялоосуз жана зыянсыздандыруусуз медициналык калдыктарды көмүү, сактоо, ташуу боюнча санитардык-эпидемиологиялык коркунуч туудурган бузуулар аныкталды.  

"Мындай көрүнүш калктын ден соолугуна, табигый чөйрөгө жана биологиялык ар түрдүүлүккө терс таасирин тийгизет. Ошол эле учурда тиешелүү уруксат кагаздары (лицензиялары) жок иштеп жаткан кайра иштетүүчү ишканалар да аныкталды", - деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.

Аны менен катар комплекстүү текшерүүнүн жыйынтыгында экологиялык жана техникалык коопсуздук нормаларын жана эрежелерин одоно бузуп, Бишкек шаардык санитардык полигонуна катуу таштандыларды жамынып алып, өзгөчө кооптуу таштандыларды алып чыгып жаткан жеке ишканалар такталган.  Алар КРнын “Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө” мыйзамын одоно бузушкан. Мындан тышкары, жарандык инфраструктура объектилеринин арасында жайгашкан өзгөчө кооптуу медициналык калдыктарды белгиленген эрежелерди бузуу менен сактоо жана ташуу фактылары да ачыкталды. Аталган калдыктар аркылуу коркунучтуу оорулардын (ВИЧ инфекциясы, вирустук гепатит ж.б.) калкка жугуу коркунучу жогору болгон.

Мындан улам, таштанды чыгаруучу ишканалар тарабынан айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн акы төлөнбөгөн («Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренеси жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-сентябрындагы №559 токтомунун 3-пунктунда белгиленген). Жыйынтыгында, мамлекеттик бюджетке 37 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.

КР УКМК козголгон кылмыш ишинин алкагында аталган мыйзамсыз аракеттерге жеке компаниялардын катыштыгы бар экендигин аныктоого багытталган тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чараларды улантууда.