Америка Кошмо Штаттарына караштуу Тынчтык Корпусунун ыктыярчы стажерлору Чүй, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Ош жана Жалал-Абад облустарынын орто мектептерде англис тилин окутууга колдоо көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасына келишти. Стажерлор өлкөгө Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин чакыруусу менен келишти.
АКШнын Кыргызстандагы Элчилигинин маалыматына караганда, бул Кыргыз Республикасында 1993-жылдан бери кызмат өтөп жаткан Тынчтык Корпусунун стажерлорунун 30-тобу болуп саналат. Стажерлор Кыргыз Республикасынын билим берүү системасында натыйжалуу иш алып баруу боюнча 11 жумалык кызмат алдындагы тренингге катышышат. Тренинг өзүнө кыргыз тили жана маданияты боюнча сабактарды, англис тилин чет тили катары окутууну (TEFL) жана жергиликтүү мугалимдер менен биргелешип окутууну камтыйт. Бул окуу программасын ийгиликтүү аяктаган стажерлор гана август айында Тынчтык Корпусунун ыктыярчысы катары ант беришип, Кыргыз Республикасындагы эки жылдык кызматын башташат. Ыктыярчылар өлкөдө англис тилин үйрөтүү боюнча потенциалды жогорулатуу максатында жергиликтүү мугалимдер менен биргеликте иштешишет.
Бул топ менен Кыргыз Республикасындагы Тынчтык Корпусунун Ыктыярчыларынын жалпы саны 53кө жетти.