Бүгүн, 10-июнда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2023-жылдагы иши жөнүндө Улуттук банктын төрагасынын отчету угулду. Муну менен катар комитет «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2022-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын отчету тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 29-июнундагы № 1381-VII токтомунун аткарылышы жөнүндө маалыматты да укту.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Кубанычбек Боконтаев маалымат берди. Ал өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын акча-кредит саясатынын негизги багыттары жөнүндө айтып берди.
Талкуунун жүрүшүндө депутат Надира Нарматова ислам принциптерин эске алуу менен насыялоонун шарттары менен механизмдеринин коммерциялык банктардан айырмасы тууралуу суроолорду тактады. Депутат Айсаракан Абдибаева Улуттук банктын эсептик чени төмөндөтүлгөндүктөн коммерциялык банктардагы насыялардын пайыздык чендерин төмөндөтүү зарылдыгына көңүл бурду. Депутат Дастан Бекешев Улуттук банк көз карандысыз орган болушу керектигин белгилеп, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга коммерциялык банктардын мобилдик тиркемелерине кирүү жаатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 29-июнундагы токтомунун аткарылбагандыгына өзгөчө көңүл бурду.
Талкуунун жыйынтыгында комитет Жогорку Кеңештин депутаттарынын сунуштарын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2023-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын отчетун жактырды.