Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Жылдыз Полотованын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматына талапкерлиги колдоого алынды.
Полотованын талапкерлигин президент Садыр Жапаров сунуштаган. Добуш берүүдө комитеттин бардык депутаттары бир добуштан макул болгону белгилүү болду.
Белгилей кетсек, Жылдыз Полотова 2014-жылдан 2018-жылга чейин аталган министрликте министрдин орун басары болуп иштеген.
Буга чейин эмгек министри болуп эмгектенген Гүлнара Баатырова башка кызматка өткөнүнө байланыштуу президенттин жарлыгы менен бошотулган.