"Токтогул" футбол клубу Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиевге кайрылышып, автоунаа берүүсүн суранышкан.
Бул тууралуу аталган биримдиктин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Камчыбек Ташиев Токтогулга болгон иш сапарында андагы футбол клубунун өкүлдөрү менен жолугушкан. Алар КФС президентине транспортко муктаж экенин айтышкан. Камчыбек Ташиев өз кезегинде кыска убакытта клубга автоунаа берүүнү тапшырган.
Автоунаа тапшыруу салтанаты "Токтогул" - "Базар-Коргон" беттешинин алдында болду. Белгилей кетсек, аталган беттеш Кыргыз Республикасынын Улуттук лигасынын 6-турунун алкагында болмокчу.