"Акыркы учурларда маягын күйгүзүп бейтап менен бара жаткан тез жардам унаасына жол бошотуп бербестен аны менен тең жарышып айдаган унаалар байкалууда. Ошондой эле ИИМдин жана өрт өчүрүүчү кызматтык унаалары шашылыш түрдө үн чыгаруучу, жаркылдоочу каражаттары менен бара жаткан учурларда да аларга жол бошотуп бербестен жэ артынан ээрчий түшүп, каттуу ылдамдыкта айдаган айдоочулар да кездешүүдө.
Ошондуктан, бул кызматтык унаалар ыкчам түрдө жарандардын өмүрүн, ден соолугун сактап калуу, же кылмыш кырсыктардын алдын алуу максатында үн коштоочу, жаркылдоочу каражаттары менен бара жаткан учурда башка катардагы унаалардын жол бошотуп берүүлөрү зарыл экендигин айдоочуларга эскертүү иретинде өлкө аймагында “Маяк” аталышында бир жумалык рейддик иш-чара өтөөрүн алдын ала эскертебиз", - деп билдирет ЖКККББнын басма сөз кызматы.
Катардагы айдоочулар бул кызматтык унааларга жол бошотуп бербеген учурларда Кыргыз Республикасынын Укук бузуу кодексинин негизинде 10 миң сом айып пул салынат.