Бишкек шаарында 2024-жылдын 30-сентябрынан 5-октябрына чейин Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин ачык балдар Дельфий оюндары өтөт.

Уюштуруучулар - Бишкек шаарынын мэриясы, Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгы, Кыргыз Республикасынын Дельфий комитети, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитети, Парламенттер аралык ассамблеянын колдоосу менен Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары.

Белгилей кетсек,  Дельфий оюндарын искусствонун эң жогорку форуму катары андан ары практикалык өнүктүрүү, улуттук маданияттарды сактоого жана өнүктүрүүгө көмөктөшүү, маданияттар аралык диалогго дем берүү, мамлекеттер ортосундагы байланышты чыңдоо, жаштар менен балдардын, чыгармачыл интеллигенцияны жана Шериктеш өлкөлөрдүн билим берүү мекемелерин гуманитардык чөйрөдө эстетикалык тарбиянын жана көркөм тарбия берүүнүн формаларын өркүндөтүү, жаш маданият ишмерлеринин профессионалдык өсүшүнө көмөктөшүү, иш-чара туризмин жана чыгармачыл индустрияны өнүктүрүү болуп саналат.

Толук маалымат алуу үчүн төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот:

- Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын түзүмдүк бөлүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн башкы адиси – Бапанова Зулайка Коногалиевна, +996 700 920460, Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.;

- Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын шаарды өнүктүрүү саясаты бөлүмүнүн социалдык чөйрөнү жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн адиси - Рахимова Аида Азимовна, +996 702856356, Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.;

- Кыргыз Республикасынын Дельфий комитетинин Аткаруу комитетинин төрагасы – Масиевская Татьяна Виталиевна, +996 555 941 204, Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра..;

- электрондук почта: Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.. Бишкек шаарынын мэриясынын расмий сайты: www.bishkek.gov.kg.