«Бишкекгаз» газ кызматы орто жана төмөнкү басымдагы газ өткөргүчтөрдө пландалган оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу борбор шаардын төмөнкү көчөлөр менен чектелген райондорунда жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөрүн маалымдайт:

- Кольбаев, Калинин, Жеңиш пр., Ауэзов, Токмок көч. 10-12-июнда;

- Лермонтов, Ленин пр., Киров, Чапаев – 10-12-июнда;

- Т.Айтматов, 7-Апрель, Чүй пр., Армейская – 11-13 июнда;

- Ленин, Восточная, Сокулук көч., Киров, Лермонтов – 12-14-июнда.

«Бишкекгаз» газ кызматы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерди жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.

"Биз жаратылыш газын пайдалануу коопсуз жана ыңгайлуу болушу үчүн бардык аракеттерди көрүүдөбүз", - дейт аталган кызмат.