Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти “Ак-Кула” ипподромунун мүлк комплекси буга чейин электрондук аукционго коюлганын эскертет.

Мүлк комплекси 33 лотко бөлүнгөн.

Муниципалитеттин алдында мүлк комплексинин аймагында мектептерди, бала бакчаларды, инженердик курулуштарды, жолдорду жана жашыл аймактарды куруу үчүн жер тилкелери калтырылды.

Белгилей кетсек, Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 117 “Бишкек шаарынын 2024-2025-жылдарга муниципалдык мүлктү менчиктештирүү программасын бекитүү тууралуу” токтому менен бекитилген 2024-2025-жылдарга Бишкек шаарынын муниципалдык менчигин менчиктештирүү жөнүндө  программасы боюнча аукциондун жыйынтыгы   жер участогу менчикке өткөрүлүп берилет.

Биринчи аукцион 2024-жылдын 16-майында саат 10:00дө өтүшү керек болчу, арыздын жоктугуна байланыштуу бул аукцион өткөн эмес.