Өмүрбек Бабанов көз карандысыз журналист Эламан Карымшаков менен "Фрунзе" (учурдагы "Азия") гипермаркеттеринин негиздөөчүсү, өзүнүн мурдагы бизнес-партнеру Болотмамбет Жээнбековду сотко берди. Бул тууралуу Эламан Карымшаков билдирди. 

Анда айтылгандай, Бабанов жоопкерлерден 2 миллион сом өндүрүп берүүнү арызында соттон суранган. 

Карымшаковдун айтымында, ар-намысын, кадыр-баркын жана ишкердик репутациясын коргоо боюнча доо арыз Бишкектин Октябрь райондук сотуна түшкөн. иш судья Улан Шаматов тарабынан каралат. 

Эске салсак, Эламан Карымшаковдун Ютуб каналына Болотмамбет Жээнбеков менен болгон маек жарыяланган. Анда ишкер Бабанов аны алдап, 10 миллион долларлык 50 пайыз акциясын тартып алганын айткан.