2024-жылдын 3-июнь күнү Ош облусунун ички иштер башкармалыгында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Эксперттик-криминалистикалык кызматынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы белгиленди.
Иш-чарага облус аймагындагы райондук ички иштер бөлүмдөрүндө аталган кызматта эмгектенген кызматкерлер, алардын жакын туугандары жана ардагерлер катышты.
Башкармалыктын башчысы Нурланбек Бурканов майрам ээлерин Кыргыз Республикасынын ИИМдин жетекчилигинин жана өздүк курамдын атынан кызуу куттуктап: “Эксперт-криминалист кызматкери окуя болгон жерге алгачкылардан болуп барып, сүрөт жана видеотасмага алып, кылмышка тиешелүү болгон баштапкы далил буюмдарды чогултат. Ошондуктан, бул кызматта иштеген кызматкерлер абдан кыраакы болуп, кылмыштын бетин ачууга болгон бир да мүмкүнчүлүктү көз жаздымда калтырбоосу керек. Дал ушул кызматтын иштеген кызматкерлердин кесипкөйлүүлүгү менен бир нече оор жана өзгөчө оор кылмыштардын бети ачылып келет. Ар дайым татаал жумушуңуздарда ийгиликтер жаралышына тилектешпиз. Сиздерге жана үй-бүлөңүздөргө чың ден-соолук жана бактылуу жашоо каалайбыз”-деди.
Аны менен катар кызматтык милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткаргандыгы үчүн жана 31-май Кыргыз Республикасынын ИИМдин Эксперттик-криминалистикалык кызматынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата бир катар кызматкерлер жана ардагерлер “Ардак грамоталар”, “Алкыш” жана “ИИМдин Эксперттик-криминалистикалык кызматына 100 жыл” медалы менен сыйланышты.
Иш-чара өздүк курамдын салтанаттуу саптык жүрүшү менен аяктады.