Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев отставкага кеткени бүгүн белгилүү болгон башпрокурор Курманкул Зулушев тууралуу соцтармактагы баракчасына пикир калтырды.
"Курманкул Зулушев мекенин сүйгөн, мыйзамды так аткарган башкы прокурор болду. Ал дагы да өлкөгө көп кызматын көрсөтөт. "Сагызган" сайрай берет, үнү эч кимге жакпаганын сезбестен. Дагы бирди көргүсү келип калса керек. Мекенин саткан чыккынчы болду, бул "Сагызган!" - деп жазды Ташиев.
Эске салсак, Адахан Мадумаров сот процессинен кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Зулушев тууралуу: “Эртеби-кечпи баары кызматтан кетет. Кетпей турган киши жок. Эки жарым жылга жакын убакыттын ичинде бардык иштердин аталасын чыгарып бүттү. Бир кишиге бир эмес, жети кылмыш иши козголгон (ред: Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев тууралуу). Бирөө да аныкталган жок. Сотко өткөн иштердин көбүндө шектүүлөрдүн иши тастыкталбай келип жатат. Саясий буйруктар болсо өтө эле көп болуп кеткен”, - деген.