Бүгүн, 3-июнда башпрокурор Курманкул Зулушев отставкага кеткени белгилүү болду. Бул боюнча маалымат каражаттары президенттин басма сөз катчысы Асхат Алагөзовдун билдирүүсүнө таянып жазып чыгышты. Азырынча, Зулушевдин отставкага кетүүсүнүн себеби айтыла элек. 

Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулайманов "Азаттыкка" берген пикиринде Курманкул Зулушевдин ишмердүүлүгүнө оң баа берген. 

"Курманкул Зулушев жакшы иштеди. Албетте жумуш болгон жерде кемчилик дагы болот. Анын баш прокурор катары ишинде кызыкчылыктар кагылышы болбошу үчүн тергөөнү башка укук коргоо органдарына өткөрүп бергенин жакшы бааладым. Буга чейинки иш тажрыйбасы жакшы жардам берди, артыкчылыктарды берди. Менин көзөмөлүмдө турган иштердин баарын ал мыйзам чегинде карап берди. Ал кесипкөйлүгүн, иш билгилигин көрсөттү", - деп айткан депутат.

Эске салсак, Курманкул Зулушев баш прокурор болуп 2020-жылдын октябрында дайындалган.