Зыяратчылардын алгачкы тобу (504 жүргүнчү) бүгүн, 3-июнда “Ош” аэропортунан Ош — Медина багыты боюнча 3 каттам менен учуп кетти.

Бул тууралуу Кыргызстандын муфтиятынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, быйыл ажылык сапарга Кыргызстан үчүн 6 060 квота берилген. Зыяратчылардын 4 миңи Оштон учса, калгандары 5-10-июнь аралыгында Бишкектен учуп кетет.