Уникалдуу театралдык иш-чаранын натыйжасында Бишкектин бир катар окуу жайларынын студенттери, мугалимдери жана администрациясы, ошондой эле мамлекеттик агенттиктердин, жарандык коомдун жана аймактык өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү гендердик маселелерди чечүү боюнча мыкты даярдыкка ээ болду.  31-майда 30 катышуучу “Эзүүдө калгандардын театры” аттуу иш-чарасына келген.

Бул агартуу иш-чара үй-бүлөлүк зордук-зомбулугу жана асылуу менен кордоо боюнча түшүнүктү жогорулатуу жана ошондой эле катышуучуларга аялдардын укуктарын илгерилөөдөгү аракеттеринин жолдорун кеңейтүүнү жана билим берүүнү көздөйт. Форум-театр форматындагы интерактивдүү тартулоодо кесипкөй актерлор менен театрдын режиссеру коомдогу актуалдуу гендердик көйгөйлөрдү чагылдырган чыныгы турмуштан алынган көрүнүштөрдү ойноп, көрсөтүп беришет. Катышуучулар көйгөйлөрдү чечүү боюнча өз варианттарын сунуштап оюндарга катышууга чакырылышат.

Долбоор Казакстандын Алма-Ата шаарындагы жана Кыргыз Республикасынын Бишкек, Кара-Балта, Токмок шаарлары жана Сокулук айыл аймагындагы С5+1 Жаштар кеңешинин ыктыярчылар тобу тарабынан 2024-жылдын апрель айынан июнь айына чейин ишке ашырылууда.

2016-жылдан тарта С5+1 Жаштар кеңешинин программасы Казакстан, Тажикстан, Кыргыз Республикасы, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Ооганстандын университтеринин студенттеринин башын бириктирип, С5+1 платформасынын багыттарын алга жылдыруунун үстүндө эмгектенген бүткүл Борбордук Азия боюнча жарандык активдүү жана англис тилин билген жаш лидерлердин аймактык түйүнүн өнүктүрүү максатын көздөйт. С5+1 Жаштар кеңешинин программасы АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин гранты аркылуу каржыланып Борбордук Азиядагы Америка университети тарабынан башкарылат. С5+1 Жаштар кеңешинин мүчөлөрү жана бүтүрүүчүлөрү жыл сайын C5+1 платформасынын программасына төп келген жаштар тарабынан тейленген сегизге жакын долбоорлорду ишке ашырып келет. C5+1 платформасынын программасы тынчтык жана коопсуздук, экономикалык өнүгүү, энергия жана  айлана-чөйрө, адамдар ортосунда байланыш аттуу багыттарын камтыйт.