2024-жылдын 31-май күнү Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги жана ардагерлер кеңешинин төрагасы Кара-Кулжа районунда ардагерлер менен жолугушту.

Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын утурлай башкармалыктын жетекчилиги ардагерлер кеңеши менен биргеликте бир топ иш-чараларды өткөрүүнү мерчемдеген.

Анын алкагында 31-май күнү башкармалыктын башчысынын орун басары Ашырбек Ахунов жана ардагерлер кеңешинин төрагасы Курсан Камчиев Кара-Кулжа районунда ардагерлер менен жолугушту.

Ашырбек Ахунов Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүн 100 жылдыгына карата кадырлуу ардагерлер менен жолугушууга мүмкүнчүлүк түзүлгөнүнө кубанып жатканын билдирип: “Кылымга тете мезгил аралыгында кыргыз милициясы далай катаал, ары татаал жолду басып өтүп, кылмыштуулук менен айыгышкан күрөш жүргүзүп келет. Ошентип, өлкөбүздө коомдук тартипти камсыз кылуу, жарандардын укугун коргоо милдети жүктөлгөн кыргыз милициясы абалкынын алгылыктуу салтын улап, аны менен катар учурдагы заман талабынан артта калбай иштөө усулун өзгөртүү менен жаңылануу жөрөлгөсүн сактай алды. Биздин кадырлуу ардагерлерибиз ар убак катардагы кызматкерлер менен эриш-аркак иш тутуп, йигиликтерди багындырууда мол тажрыйбасы менен бөлүшүп, даанышмандыгы менен жол көрсөтүп келишет. “Ак сакалдуу карыя- акылы терең дарыя” дегендей Сиздердин бар болгонуңуздардын өзү бизге чоң тиренич, күч жана ишеним", -деди.

Андан ары Ош облусу жана Ош шаары боюнча медицина кызматынын кызматкерлери ардагерлердин ден соолугун текшеришип, медициналык профилактикалык кароодон өткөрүштү.

Анда ардагерлер ден соолугунун абалы боюнча дарыгерлерге көрүнүшүп, дартка даба кеп-кеңештерди алышты.

Өз кезегинде ардагерлер кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата уюштурулуп жаткан иш-чараларды жылуу кабыл алышып, ой-пикирлер менен бөлүшүүгө, кеп-кеңештерди берүүгө жана өлкөбүздө тынчтык өкүм сүрүп, сүйүктүү мамлекетибиздин ар тараптуу өсүп-өнүгүүсү үчүн болгон дареметтерин жумшоого даяр экендигин билдиришти.