ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери бир жаран М.А. аттуу жарандан кылмыш иши боюнча уулуна карата маселени оң чечип берем деп 40 000 АКШ долларын талап кылып жаткандыгы тууралуу ыкчам маалымат алышкан. Бул тууралуу ИИМ билдирди.
"Эгер акчаны бербесе, уулунун абалын начарлашы мүмкүн кадыр-барктуу адамдар менен, ошондой эле кылмыш дүйнөсүндөгү адамдар менен тыгыз байланышы бар экенин айтып коркутуп жатканы белгилүү болду", - деп айтылат маалыматта.
Бул факт боюнча Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголду.
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жана Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасынын кызматкерлери тарабынан ыкчам-тергөө иш-чараларды жүргүзүлүп, У.Дж. аттуу жаран М.А. аттуу жарандан талап кылып жаткан акчанын бир бөлүгүн 150 000 сом акчаны алып жаткан жеринен кармалган.
Шектүү болгон 1985-жылы туулган У.Дж. Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 96-беренесинин тартибине ылайык кылмыш жасады деген шек менен кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда.