Депутат Эльдар Абакиров өлкөнүн туризм тармагын өнүктүрүү үчүн бул тармакка жеңилдетилген кредиттерди берүү керек деп эсептейт. 

Ал бул тууралуу парламент жыйынында айтты. 

Айтымында, ага Ысык-Көл облусунун тургундары кайрылышкан. 

"Алар туристтик инфраструктураны өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген кредиттер керек дешүүдө. Коммерциялык банктар жылдык 20 пайыз кредит беришет экен. Биз фермерлерге жеңилдетилген кредит берип жатпайбызбы, ошондой эле кредиттерди туризмди өнүктүрүүнү каалагандарга да берүү жолдорун карайлы", - деди Абакиров.