Бүгүн, 29-майда парламент Кыргызстанда уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө уруксат берүү боюнча мыйзам долбоорун 1-окууда карап, кабыл алды.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаев депутаттарга баяндама жасап, Кыргызстанда уран тиешелүү рентабелдүү деңгээлде жоктугун белгилеп, мыйзамды өзгөртүүнүн максаты - уран же торийди казуу эместигин билдирди. Ал бул тууралуу 29-майда Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Чыңгыз Айдарбековдун суроосуна жооп берип жатып билдирди.
"Совет учурунда эле биздеги кендерде урандын курамы өтө минималдуу болгону үчүн казылган эмес. Мурдагы мыйзамдан улам, биз кендерди казуу эмес, изилдөө жүргүзө албай келгенбиз. Биздин максатыбыз - уран менен торий эмес", - деди Тургунбаев.
Мелис Тургунбаев документ кабыл алынса, Кызыл-Омпол кени иштетилерин, бул экономиканын өнүгүшүнө салым кошорун айтууда.