УКМК тарабынан Нарын облусунун аймагында баңги каражаттарды таратууга катышы бар адамдар аныкталып, кармалды.

Коопсуздук кызматынын маалыматына караганда, үстүбүздөгү жылдын 24-майында Нарын облусунун жергиликтүү жашоочулары К.Т., А.Б., Ж.А. жана А.Д. аттуу жарандардын үйлөрүндө тинтүү иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгында «жапайы кара куурай» түрүндөгү баңги заты ири өлчөмдө табылып, алынды.

Жогорудагы адамдар Жумгал районунан жана Ысык-Көл облусунан Нарын облусунун аймагына сатуу максатында «жапайы кара куурай» жана «гашиш» баңгизатын алып келүү менен тынымсыз алектенип келишкени аныкталды.

Мындан улам, аталган жарандарга карата Нарын шаардык сотунун 2024-жылдын 26-майындагы чечими менен КР Юстиция министрлигине караштуу Нарын шаарындагы №24 мекемеге эки айлык мөөнөткө камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып алынды.

Учурда ушул сыяктуу фактыларды жана бардык тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.