27-майда ИИМдин Ички чалгындоо кызматы менен биргеликте 300 миң сом өлчөмүндө пара талап кылуу фактысы боюнча УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында Октябрь РИИБнин ыкчам кызматкери  Э.Н.Э. кармалды.

Тергөөнүн жыйынтыгында, аталган кызматкер кылмыш жоопкерчилигине тартуу коркунучу астында жарандан акча талап кылууга түздөн-түз тиешеси бар экендиги аныкталды.

Белгилей кетсек, аталган факты боюнча буга чейин  КР УКМК тарабынан ички иштер органдарынын ушул эле бөлүмүнүн эки ыкчам кызматкери кармалган.

Кармалган кызматкер КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.