
Бишкекте ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан компроматтарды таратуу менен шантаж кылып, ири өлчөмдөгү акча талап кылып жүргөн борбор калаанын тургуну кармалды.
ИИМден билдиришкендей, Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБге жаран белгисиз адамдарга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Анда, арыздануучунун жеке сүрөттөрүн ачыкка чыгарабыз деп коркутуп, 200 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылышкандыгын билдирген.
Бул фактынын негизинде КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон.
2024-жылдын 21- майында ИИМдин кызматкерлери тарабынан тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Бишкек шаарынын аймагынан 2005-жылы туулган Жалал-Абад облусунда туулган А.Д. аттуу кылмышка шектүү жаран мыйзамсыз аракеттерди жасаган деп шектелип, кармалган.
Ал, опузалап талап кылган акча каражатынын бир бөлүгүн, тактап айтканда 12 000 сом өлчөмүндө акча каражатын опузалап алып жаткан жеринен кармалган. Кылмышка шектүү Тергөө кызматына жеткирилген.
Учурда иликтөө иштери жүрүп, башка кылмышка шектүүлөрдү аныктоо иш-чаралары көрүлүүдө.