КР УКМК тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Аксы районунун Кош-Дөбө айылынын тургуну А.М.М. тарабынан уюштурулган дары-дармектердин контрабандалык партиясын ташуу каналына бөгөт коюлду.

Аксы районунун Кош-Дөбө айылынын тургуну узак убакыт бою Өзбекстан Республикасы менен чектеш аймакта контрафактылык дары-дармектерди алып келүү жана ташуу менен активдүү алектенгени аныкталды.

2024-жылдын 22-майында козголгон кылмыш ишинин алкагында Аксы районунун Кош-Дөбө айылындагы үйлөрдүн биринде тинтүү иштери жүргүзүлүп, мамлекеттик каттоодон өтпөгөн дары-дармектердин ири партиясы (361 аталыштагы), алардын айрымдары психотроптук баңгизаттары (15 аталыштагы), ошондой эле ок атуучу куралдар жана чет өлкөлүк унаа номурлары табылган.

Учурда КР Кылмыш-жаза кодексинин 96-беренеси боюнча кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы облустун тургундарын кылмыштуу топтор тарабынан мыйзам бузуу фактылары боюнча маалыматы болсо: 0995 012210 (WhatsApp)  номуру аркылуу байланышууга  чакырат.