Балыкчыда өлкөдөгү эң ири эт комбинаты ишке кирди. Этти кайра иштетүү боюнча ири ишкананын ачылышына Пезидент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусуна жасаган жумуш сапарынын жүрүшүндө катышты.

Азык-түлүк коопсуздугун жүргүзүүнүн эл аралык стандарттарына ылайык курулган "Дордой Балыкчы" заводу сменасына 100 баш бодо малдын жана 1000 баш майда малдын этин иштете алат. Комбинаттын өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 14 миң тонна продукцияны түзөт. 100дөн ашык адам жумуш менен камсыз болот.

Инвестициянын жалпы суммасы 6 млн АКШ долларын түзөт. Бул сумманын жарымы Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун насыясынын эсебинен каржыланган.